Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:17

Токмок: ачкачылыкка чыккандар абалдары оор экенин айтууда


Токмок шаарында ачкачылык жарыялаган беш жигит абалдары начарлаганын кабарлашты. Уюштуруучусу Жеңиш Молдокматов бүгүн эртең менен медицина кызматкерлерине кайрылган учурда акция катышуучуларын дарыгерлер жакшы карабай койгонун “Азаттыкка” билдирди.

Бул маалыматты Токмок шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Айгүл Сыдыкова четке какты. Дарыгердин айтымында, медицина кызматкерлери алардан күн сайын кабар алууда:

- Бүгүн эрте менен алар абалыбыз начар деп, биздин дарыгерлерге кайрылган. Улгайган кызматкерибиз насаат катары бул ишти токтотушу керектигин айтканда, медициналык текшерүүдөн баш тартып, кетип калышты”,- деди Сыдыкова.

Түштөн кийин башкы дарыгер өзү барып, алардын абалын көрүп келгенин кошумчалады.

16-сентябрь күнү ачкачылыкты баштагандар апрель окуясында ок тийип, бир топ убакыттан соң каза болгон Токмоктун тургуну Чыңгыз Султановдун үй-бүлөсүн тиешелүү камкордукка алууну талап кылышууда. Бардыгы "Кыргызстан жаштар кеңеши" уюмунун мүчөлөрү. Алар ачкачылыкты маркумдун үйүндө улантып жатышат. Өкмөт өкүлдөрү келип, маселе чечмейинче акцияны токтотпой турганын айтышкан. (SE)

XS
SM
MD
LG