Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:11

Хорватия бүгүн түн ортосунда Евробиримдикке кошулат


4,4 миллион калкы бар Хорватия Евробиримдикке мүчө болгон мурдакы Югославиянын экинчи республикасы. Бириничи болуп Биримдикке 2004-жылы Словения кабыл алынган. Бул саясый саамалыкка байланыштуу бүгүн түндө Загребде Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери катышкан чоң салтанат болот. Хорватия Евробиримдикке киргени менен, азырынча Шенген эркин виза мейкиндигине жана Европа монетардык союзуна кошулбайт. Акыркы жылдары ырасмий Загреб Биримдикке кошулуу үчүн тийиштүү талаптарды жана жарандар тегиз колдобогон реформаларды жасап жатты. Хорватиянын экономикасы беш жылдан бери өспөй, жумушсуздук 20 процентти түзөт. Хорватия Евробиримдиктин 28-мүчөсү болот.

XS
SM
MD
LG