Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Эрдоган митингчилерге "акыркы эскертүү" жасады


Түркиянын премьер-министри Стамбулдун ортолугундагы сейилбакты ээлеп алган протестчилерге “акыркы эскертүү” жасады. Режеп Тайып Эрдоган бүгүнкү телеберүүдө Таксим сейил багынын бурчундагы Гези паркындагы митингчилер конушуна полиция мындан ары чыдап карап тура албасын эскертти.

Таксим скверин кайра курууга каршы эки жума мурда башталган акция Эрдогандын авторитардык башкаруусуна жана ал башындагы өкмөттү сындаган кубаттуу демонстрациялар менен да коштолду. Антиөкмөттүк чыгуулар Анкара жана башка шаарларга жайылды. 13 күндөн берки полиция менен тирешүүлөрдө төрт адам курман болду, 5 миңдей киши жараат алды.

Башкаруучу Адилеттик жана Өнүгүү партиясы Таксим сейил багында оюн-зоок жана соода борборун куруу долбоору боюнча Стамбулда референдум өткөрүүнү сунуш кылганына карабай скверде жүздөгөн демонстранттар калууда.

XS
SM
MD
LG