Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Жогорку Кеңеш Батукаевге байланыштуу токтом кабыл алды


Жогорку Кеңеште Азиз Батукаевдин абактан бошотулушуна байланыштуу уюштурулган эки күндүк талкуу аяктады. Жыйынтыгында парламент токтом кабыл алып, акыйкатчы Турсунбек Акунду, Нарын шаардык сотунун төрагасы Жапар Эрматовду, вице-премьер-министр Шамил Атахановду, ички иштер министри Абдылда Суранчиевди, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаеваны, Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиевди, баш прокурордун орун басары Людмила Усманованы жана бир катар прокуратура кызматкерлерин, Гематология борборунун жетекчи орун басары Макимбетовду, Нарындагы тергөө абагынын айрым кызматкерлерин иштен алууну сунуштады.

Токтомго 107 депутаттын 103ү макул деп добуш берди. (RK)

XS
SM
MD
LG