Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:29

Камчы Көлбаевдин соту жабык өтүүдө


Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Камчы Көлбаевдин ишин териштирүү уланууда. Ишти карап жаткан судья Абдразак Боромбаев бүгүнкү териштирүүнү жабык өткөрүүгө чечим чыгарды. Буга бүгүн сотко көрсөтмө бере турган күбөлөрдүн өтүнүчү себеп болгон. Буга чейин Көлбаевдин адвокаты Сергей Манукян сот жабык өтүшүн судьядан өтүнгөн болчу.

Кылмыш дүйнөсүнүн лөктөрүнүн бири деп саналган Көлбаевдин соту өткөн жумада башталган. Ал "кылмыштуу топ түзгөн", "курал жана маңзат сактаган", "бийлик өкүлүнө күч колдонгон", "адам уурдаган" деген сыяктуу 10дон ашык берене боюнча айыпталууда.

АКШ наркобарондордун кара тизмесине киргизген Көлбаев былтыр декабрдын башында Бириккен Араб Эмираттарынан келгенден кийин камакка алынган. (BkA)

XS
SM
MD
LG