Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:06

Алматыда Ирандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөр уланууда


Казакстандын Алматы шаарында Ирандын атомдук программасы боюнча сүйлөшүүлөр өтүүдө. Атын атабоону каалаган Батыш дипломаттарынын бири билдиргенине караганда, Иран дүйнө державаларынын сунуштарына так жана конкреттүү жооп кайтара элек. Бул Тегерандын ядролук программасы боюнча алты жыл ичиндеги сүйлөшүүлөрдүн 5-айлампасы.

АКШ, Орусия, Кытай, Франция, Британия жана Германия кирген топ февралдагы жолугушууда Иран уран байытуудан баш тартса, экономикалык санкциялар жеңилдетилет деген шарт койгон. Тегеран атомдук программасы курал жасоону көздөбөйт деп келатат.

Бүгүн Иран делегациясынын жетекчи орун басары Али Багери Иран өзүнүн сунуштарын киргизгенин билдирип, бирок анын чоо-жайын тактаган жок.

XS
SM
MD
LG