Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:22

Кембриж Ноорузду белгиледи


8-мартта Британиядагы Кембриж университети Нооруз майрамын уюштурду. Салтанатты Борбордук Азия форуму жана Кембрижде окуган борбор азиялык, кавказдык студенттер уюштурду. Иш-чара тууралуу "Азаттыкка" Лондондо жашаган Бакыт Азимканов билдирди.

Майрамда борбор азиялыктардын улуттук тамак-аштары, Кыргызстандан алып келинген казы, карта, чучук сыяктуу азыктары коюлду. Ар улут өзүнүн өнөрүн тартуулап, кыргызстандыктар ооз комуз чертишти. Уюштуруучулар кыргызстандык студенттер менен британдык студенттер мыкты деңгээлде аткарган “Таласым” деген ыр кеченин өзгөчө номери болгонун белгилешти.

Жесус чиркөөсүндө өткөн майрамга Кыргызстандын Британиядагы Элчилиги, Лондондогу “Кыргыз айымдары” уюму, Британ-Кыргыз коому, Британиядагы Эл аралык Айтматов академиясы, кыргызстандык чыгармачыл инсандар, илимпоздор жана студенттер катышты.

23-мартта Нооруз майрамы Лондондо да белгиленет.

XS
SM
MD
LG