"Анткени жылуулук борбору газ менен эмес, мазут менен иштеп жатат" деп билдирди Бишкек ТЭЦнин жетекчиси Юрий Фрик. Анын айтымында, борбор калаанын жылуулук борборунда кыштан чыгууга жеткидей көмүр жана мазут бар. Быйылкы жылуулук сезонунда ТЭЦ 250 миң тонна Кара-Кече көмүрүн, 50 миң тонна Таш-Көмүр жана Казакстандан алынган 70 миң тонна көмүрдү жагат. Бүгүнкү күнү борбордо 138 миң тонна көмүр, 10 миң тонна мазут запасы бар. (ZKo)