Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Пакистандын партиялары терроризмге каршы стратегияны макулдашты


Саясий жана диний партиялардын терроризмге каршы күрөшүү боюнча биргелешкен стратегиясы Исламабаддагы кечээги жыйында макулдашылды.

“Амави” улуттук партиясынын төрагасы Эсфандияр Вали Хандын айтымында, бир добуштан жактырылган декларацияда биринчи приоритет тынчтыкка диалог жолу аркылуу жетишүү экендиги жана терроризмдин көйгөйлөрү “Конституцияга, мыйзамга, коопсуздукка жана өлкө суверенитетине ылайык” чечилүүсү керектиги белгиленди:

- Өлкөнүн келечекте жашап кетүүсү жана гүлдөп өнүгүүсү терроризм маселеси талаптагыдай чечилгенинен көз каранды. Өлкө ичинде демократиялык жараяндын улантылышы бул маселени чечүүгө жардам бериши мүмкүн.

Исламабаддагы жыйынга Пакистандын саясий жана диний партияларынын 26сынын өкүлдөрү катышты.

"Талибанга" жан тарткан эки партия: “Жамаат-е-Ислами” менен
“Техрик - Инсааф” ага келүүдөн баш тарткан.

Бийик менен сүйлөшүүнү ушул айдын башында пакистандык талиптер өздөрү сунуш кылышкан.

Мунун артынан секулярдык “Авами” улуттук партиясы сүйлөшүүнүн күн тартибин талкуулоо саясий күчтөрдү жыйын курууга чакырган. (UE)

XS
SM
MD
LG