Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Коопсуздук кеңеши Түндүк Корея боюнча чукул жыйын өткөрүүдө


Түндүк Корея бүгүн үчүнчү өзөктүк тажрыйбаны ийгиликтүү өткөргөнүн билдирген. Пхеньян ошондой эле эгер Вашингтон кастарын тиккенди токтотпосо, тийиштүү катаал жооп кайтарарын эскертти.

Сынакты АКШ, Орусия, Жапония жана БУУнун баш катчысы Пан Ки Мун айыптады. Британиянын тышкы иштер катчысы Уиллиам Хааг бул өлкөгө каршы чараларды күч алдырууну сунуш этти:

2087-резолюцияда Түндүк Корея мындай ишин уланта берсе, олуттуу аракет көрүлөөрү айтылган. Азыр дал ошондой аракет көрүлүүчү мезгил болуп жатат.

Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга каршы ядролук курал жасоону токтотууну талап кылган чараларды киргизген. Бул окуяны Коопсуздук кеңеши бүгүнкү чукул жыйында талкуулап жатат.

XS
SM
MD
LG