Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Аргентина Иран менен макулдашуусун коргогон билдирүү жасады


Аргентинанын президенти Иран менен макулдашуусун коргогон билдирүү жасады. Кристина Фернандес 1994-жылы Буэнос-Айресте жөөт коомчулугу жашаган райондогу бомба жардыруусун иликтөө боюнча атайын комиссия түзүү тууралуу Иран менен келишкенин туура кадам деп эсептейт.

“Иран ал жардыруунун тегерегиндеги маалыматтарды текшерип-такташ үчүн беш эл аралык судья кирген көз каранды эмес комиссия түзүп, ага Иран менен Аргентиналык судьялар кирбейт, ачык-айкын сүйлөшүп кызматташуу ниетин билдирди. Аргентиналык тергөөчүлөр Иранга барып шектүү адамдарды суракка ала алышат”, - деп белгиледи Аргентина президенти Фернандес.

85 кишинин өмүрүн алган ал жардыруу боюнча Аргентинанын Иран менен кызматташуусун Израил айыптаган.

XS
SM
MD
LG