Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Азербайжанда бийликке нааразылар кайра тополоң салды


Шаршемби күнү кечинде Азербайжандын Исмайылли шаарында район акими Низами Алекберовдун кызматтан кетүүсүн талап кылган адамдар автомобилдерге, имараттарга, анын ичинде бир мейманканага жана акимдин резиденциясына өрт коюшту. “Азаттыктын” кабарчысынын билдиришинче, Бакыдан 150 км. түндүк-батыштагы аймакка кошумча полиция күчтөрү жайгаштырылды. Тополоң “Чираг” мейманканасынын ээси катышкан автокырсыктан улам башталган. Жергиликтүү элдин айтымында, бийликтегилер сойкуканага айланган мейманкананы жабуу талабына таназар бербей койгон. Бул соңку бир жумада Азербайжанда болгон экинчи чоң тополоң. 19-январда Бакунун ныптасындагы чоң базардын ижара акысына нааразы болуп, жол бууган соодагерлер менен полиция кагышкан.

XS
SM
MD
LG