Талкаланган 19 300 тагдыр
10-декабрда Бишкекте Эл аралык адам укуктарынын күнүнө карата Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында 19 300 желекче орнотулду. Бир жыл ичинде расмий булактарды эле алганда 19 300 аял Кыргызстанда зомбулуктун ар кандай формаларынан жапа чеккен. “Аялдын укугу – Адамдын укугу” деген бул инсталляция гендердик зомбулукка каршы багытталган 16 күндүк кампанияны жыйынтыктады. (Мирлан Токталиев)