Тергөө комитетинин маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылы коррупцияга шектелген 16 миңден ашуун кылмыш иши сотко өткөрүлдү. 2011-жылы федералдык субъектилердин мыйзам чыгаруу органдарынын 12 депутаты, жергиликтүү кеңештердин 470 депутаты, 2 сот, 19 прокурор, Тергөө комитетинин 31 кызматкери жана ИИМдин 63 тергөөчүсүнө коррупциялык иштерге тиешеси бар деп кылмыш иштери козголгон.