Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:56

Кыргызстанда бензиндин баасынын өсүшү токтотулду


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Нефтетрейдерлер” ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеев билдирди. Анын айтымында, акыркы бир-эки күн ичинде бензин баасы 10 тыйындан 50 тыйынга чейин арзандатылды. Үч айдан бери өсүп жаткан А-92, А-95, А-98 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 2,5 сомдон 3,5 сомго чейин кымбаттаган. Жумакадыр Акенеев мунун себеби Орусияда күйүүчү майдын тартыштыгына байланыштуу болду дейт.

- Ал жакта тартыштык болуп, бизге кымбатыраак сунуштандыктан макул болуп ала бергенбиз. Биз туура жолду тандаган экенбиз. Казакстанда, Өзбекстанда Орусияда бензиндин баасы да өсүп, таңкыстыгы да сезилди. Ал эми бизде жетиштүү болуп турду. Бул эми арзандатуулардын башталышы болуп жатат. Балким жаңы жылдан баштап баалар дагы ылдыйлашы мүмкүн.

Орусияда 6 завод иштебей калган, анын экөө кайра ишке киргизилгенден кийин бааны түшүрүүгө мүмкүн болду. Учурда Бишкектеги “Газпром” май куюу түйүндөрүндөгү А-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 39 сом 80 тыйын, А-95 42 сом 20 тыйын, А-80 32 сом 10 тыйынды түзүүдө. (AKu)

XS
SM
MD
LG