Бүгүн Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде экологиялык таза продукциялардын көргөзмө-жармаңкеси башталат. Эки күндүк бул жармаңкеге кадимки жашылча-жемиштерден баштап, дары-чөптөр, эт, бал продукциялары, жыгачтан жасалган ашкана буюмдары коюлат. Фермерлерге биогаз, биодарылар тууралуу маалымат берилет. Бул иш-чара “Кыргызстанда органикалык айыл-чарбаны жана жашыл экономиканы өнүктүрүү кыймылы” деген аталыштагы улуттук форумдун негизинде өткөрүлүүдө. Аны «БИО-KG» федерациясы уюштуруп жатат. (KKs)