Кыргызстан Палестинанын Бириккен улуттар уюмунда “байкоочу мүчө” деген макам алышын колдогон 138 мамлекеттин бири болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Нуржигит Кадырбеков билдирди.
Мындай макам алышына 9 өлкө, анын ичинде АКШ, Израил, Чехия, Канада каршы чыкты, ал эми 41 мамлекет калыс болду.
Бул макамга ылайык, Палестина БУУнун агенттиктерине, ошондой эле Эл аралык кылмыш сотуна кошулуп, Израил өкмөтүн сотко берүүгө жол ачылат. (EBM)