Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясы жашыруун тартылып алынган видеолорду эфирге берген телеканалдардын жоопкерчилигин кароо боюнча Башкы прокуратурага кайрылат. Мындай чечим бүгүн фракция жыйынында кабыл алынды.
Жыйында Коомдук телерадио корпорациянын башкы деректири Кубат Оторбаев жергиликтүү кеңештерге шайлоонун чагылдырылышы боюнча маалымат берди. Фракция КТРКнын ишин канааттандырарлык эмес деп баалады. Оторбаев "республикачылардын" дооматына макул болгон жок.
Буга чейин шайлоодо бир эле адамдардын бир нече шайлоо участкаларды кыдыртып добуш бердиртүү ыкмасы үйрөтүлүп жаткан видеону КТРК баш болгон айрым телеканалдар көрсөткөн болчу. Андан мурдарак, 11-ноябрга төңкөрүш уюштурулуп жатканы сөз болгон учурда жашыруун тартылган тасма да кээ бир телеканалдарда эфирден кеткен. (EBM)