Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Түркия Кыргызстанга малды паспорттоштурууга жардам берет


Бүгүн айыл чарба министри Чыңгызбек Узакбаев Түркиядан келген делегация менен жолугуп, малдын башын идентификациялоо маселелерин талкуулайт. Министр буга чейин парламент комитетинин жыйынында малды паспорттоштуруу үчүн 19 миллиондой доллар керектигин, анын 1 миллионун түрк өкмөтү бергенге макул болуп жатканын айткан. Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары жана экология комитети 26-ноябрда малдын башын идентфикациялоо тууралуу мыйзамды жактырган.

Өткөн айдан бери Казакстан малдын башы идентификацияланмайынча Кыргызстандан сүт алуудан баш тартып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG