АКШ менен Орусия Жердин орбитасында турган Эл аралык космос бекетинде бир жыл иштей турган эки кишинин атын ачыкка чыгарды. НАСАдан Майкл Келли жана Орусиядан Михаил Корниенко бекетке 2015-жылдын апрелинде учуп барып, бир жыл ичинде ачык космосто узак убакыт болгон адамдын саламаттыгында кандай өзгөрүү болоорун изилдешет. (jch)