Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Парламентте "өкмөттүк күн" боюнча талаш-тартыш чыкты


Жогорку Кеңеште ушу тапта "өкмөттүк күн" өткөрүү боюнча депутаттар арасында талаш-тартыш жаралууда. Күн тартиби боюнча бүгүн парламентте "өкмөттүк күн" өткөрүлүп, кышка даярдык маселеси талкууланмак. Бирок премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жүйөөлүү себептерден улам бул жыйынга катыша албасын билдирип расмий кат жөнөткөнүн Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков айтты.

Көпчүлүк депутаттар жаңы түзүлгөн өкмөт үчүн бул алгачкы "өкмөттүк күн" болгондуктан, Баш мыйзамда да, регламентте да мындай жыйынга премьер-министр өзү катышуусу зарыл деп жазылганын эскертишүүдө. Айрым депутаттар убакытты созбой, маселени Сатыбалдиевсиз деле талкуулай берүүнү сунуштап жатат.

Депутаттардын айтымында, вице-премьерликке жаңы эле дайындалган Таирбек Сарпашевдин жана болгону төрт депутаттын катышуусу менен "өкмөттүк күн" өткөрүү мүмкүн эмес.Талкуу уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG