2013-жылдын мамлекеттик бюджет долбоору Жогорку Кеңешке өткөн жумада келип түшкөн. Ага байланыштуу бул жумада парламенттин комитеттери бюджеттин долбоорун карап чыгып, алымча-кошумчаларын киргизишет. ЖК басма сөз кызматынан “Азаттыкка” маалымдашкандай, бюджет долбоору жалпы отурумдагы күн тартибине кийинки жумаларда киргизилүүсү күтүлүүдө.
2013-жылга мамлекеттик бюджеттин долбоорун өкмөт өткөн жумада бекиткен. Ага ылайык, келерки жыл бюджетинин кирешеси 97,8 млрд. сом, чыгашасы 17,4 млрд. сом, ички дүң өнүмдүн өсүшү 7% болот деп болжолдонууда.(ZKo)