Коррупцияга каршы аракетти талкуулаган өкмөттүн кечээги жыйынында экономика министри Темир Сариев айрым ведомстволордун коррупцияга каршы иш-аракеттери тууралуу дале так планы жоктугун билдирди. Министр жемкордукка аралашкан аткаминерлерге чара көрүлүп жаткан менен негизги көңүлдү паспорт берүү, салык жана жол кайгуул кызматы сыяктуу тармактарга буруш керек деди. Ал ошондой эле коррупция менен күрөшүүдө жыйынтык чыкпай жатканына атайын жоопкер бир тармактын бекитилбегени себеп болуп жатканын белгиледи.
Премьер-министрдин биринчи орун басары Жоомарт Оторбаев мамлекеттик кызматтын азыркы жетекчилерин коррупцияга каршы күрөшүү планын учурунда аткарууга чакырды. Жыл башында 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы күрөшүү планы иштелип чыккан. (AKu)