Кыргызстандын акыйкатчысы мындан ары кумсалардын укугунун корголушуна да көз салып турмай болду. Бул тууралуу акыйкатчы Турсунбек Акун эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюмунун өкүлдөрү менен жолугушууда айтты. Өзүнүн жылдык отчетторуна кумсалар тууралуу маалымат кошуу сунушун киргизди.
Жолугушууга Кыргызстанда жашаган сексуалдык ориентациясы адаттан тыш жарандар менен иштешкен уюмдун өкүлдөрү да катышты. Аталган уюм быйыл жазында маалымат кампаниясын уюштуруп, кумсалардын укугун коргоо зарылчылыгын айткан. Бирок милиция өкүлдөрү аларды куугунтуктоо же кордоо фактылары катталбаганын билдирген. (RK)