Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:55

Ооганстанда мечиттеги жардыруудан 40 адам мерт болду


Ооганстанда мечитте айт намазда жанкечти жардырган бомбадан кеминде 40 киши набыт болду. Жарадарлардын саны 70тен көп. Өлкөнүн ички коопсуздук министринин найыбы Абыд Рахман курман болгон адамдардын ичинде Фаряб провинциясынын полиция акими бар экенин айтып: “Айт намазга катышкан миңдеген адамдар такталууда. Талиптер же кээ бирлер айткандай чет элдик агенттер ушундай кадамга барат дегенге эч кимдин оозу барбайт”, - деп кошумчалады.

Кыянаттык өлкөнүн түндүк батышындагы провинциянын административдик борбору Маймана шаарында жасалды. Жергиликтүү бийлик мечиттин урандыларынын астында калган динзарларды куткарууга аракет көрүлүп атканын билдирди.
Бомба чабуулун ким уюштурганы беймаалым.

Кечээ талиптердин ана башы Молдо Омор өз үммөттөрүн Айт кезде ар кандай кыянаттык иштерден алыс болууга чакырган.

XS
SM
MD
LG