Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:42

Орус оппозициясы бийликти басып алууга даяданган деп айыпталууда


Сергей Удальцовду спецназдын коштоосунда суракка алып келишти. 2012-жылдын 17-октябры.
Сергей Удальцовду спецназдын коштоосунда суракка алып келишти. 2012-жылдын 17-октябры.
Бүгүн “Солчул фронт” кыймылынын лидери Сергей Удальцовду атайын даярдыктагы аскерлердин коштоосу менен Тергөө комитетине алып келишти. Массалык башаламандыкка даярданган деп башка оппозиционерлер да айыпталууда, бүгүн алардын үйлөрүн күч органдары тинтүүгө алышты. Оппозиционерлерге кылмыш ишинин козголушунуна 5-октябрда НТВ телеканалынан көрсөтүлгөн “Каршылык акцияларынын мүнөзү - 2” деп аталаган тасма себеп болууда. Тасмада Сергей Удальцов баштаган оппозиционерлер четтен келген акчага бийликти күч менен басып алууга даярданганы көрсөтүлгөн. Тергөө комитети бул жасалма видео эмес экенин, андагы үн чын эле Удальцовго таандык жана жолугушуу грузин саясатчылары менен Минск шаарында болгонун айтууда.

Оппозиция болсо бийлик монтаждалган видеону колдонуп, каршылаштарын жок кылууну көздөөдө деп билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG