Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:28

Венесуэлада президенттик шайлоодо добуш берүү аяктады


Учурда добуштар эсептелип жатат. Шайлоонун алдын-ала жыйынтыктары айтыла элек. Учурдагы президент Уго Чавес президенттик 4-мөөнөтү үчүн ат салышууда. Ага атаандаш болуп бул ирет Миранда штатынын мурдагы губернатору, бириккен оппозициянын лидери 40 жаштагы Энрике Каприлес чыкты. Сурамжылоолор 1999-жылдан бери бийликте турган Чавестин бул ирет да жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүгү чоң экенин көрсөтүүдө. Бирок Каприлестин колдоочулары да жеңиштен үмүт үзүшпөйт. Орус, Беларус жана Иран өкмөттөрүнүн шериги Чавес Латын Америкасындагы лидерлердин арасынан эң көп жыл бийликте турган президент. Мурдагы офицер Чавес Венесуэланы социализмге карай алып баратканын айтып келет. Укук коргоочулар болсо президентти сынчыларын куугунтуктап жатышы үчүн сындашууда.

XS
SM
MD
LG