"Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаровдун, фракция мүчөлөрү Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытовдун баш коргоо чарасын караган Бишкектин Биринчи май райондук соту алардын абактагы мөөнөтүн эки айга узартты. Үч депутат соттон УКМКнын тергөө абагына алынып кетти. Сот бул маселени жабык карады. Камалган депутаттардын адвокаттары мындай чечим менен макул эместигин, эми кийинки баскычтагы сотко апелляциялык арыз жолдошоорун "Азаттыкка" билдирди.
Бул үч депутат 2 күн мурда башаламандык менен аяктаган митингден кийин 48 саатка камакка алынган эле. Тергөө тобу Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге Кылмыш кодексиндеги эки берене: Конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырык таштоо жана бийликти басып алууга аракет кылуу боюнча айып койгон. Ал эми үчүнчү депутат Талант Мамытовго бийликти басып алууга аракет кылуу деген бир берене боюнча айып тагылууда. Бул тууралуу алардын адвокаттары сот чечиминен кийин журналисттерге билдирди.
Шаршембиде Кумтөр кенин улутташтырууну талап кылган демонстрацияда Ташиев чогулгандарды бийликти алууга чакырып, митингчилердин бир тобун баштап, өзү иштеген парламенттин темир тосмосунан ашып түшкөн. Ак үйдүн короосуна ашып түшкөндөрдү милиция күчтөп таратууга аргасыз болгон. (SM)