Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:09

Обама мусулман өлкөлөрүнүн жетекчилерине кайрылды


АКШ президенти Барак Обама мусулман өлкөлөрүнүн жетекчилерин ал жерлердеги америкалыктарды коргоо үчүн көбүрөөк аракет көрүүгө чакырды. Мындай билдирүүнү президент кечээ телекайрылуусунда жасады. Бир нече күндөн бери бир катар мусулман мамлекеттеринде “Бейкүнөө мусулмандар” деген тасмага байланыштуу антиамерикалык акциялар уланып келатат.

11-сентябрда АКШнын Бенгазидеги консулдугуна болгон кол салууда Ливиядагы элчи жана америкалык дагы 3 жаран набыт кеткен. Обама интернетте пайда болгон тасманы “кемсинтүүчү” деп атап, ошол эле маалда зомбулукту эч нерсе актабайт деди. "Зордук-зомбулукка карабай, Ливиядагы абал оңолот деген үмүт бар, бирок ал жол татаал болот", - деп кошумчалады америкалык президент.

XS
SM
MD
LG