Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Түндүк Ирландиянын баш калаасында башаламандыктар уланууда


Белфаст шаарында католик жана протестанттар болуп бөлүнгөн жаштар топторунун кагылышуусу башталганына эки күн болду. Reuters агенттиги жатташкан тараптарды ажыратууда адегенде 9, кечээги түнү болсо 47 полиция кызматкери жарадар болгонун маалымдайт. Башаламандыктын катышуучулары полицияга таш жаадырып, күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрду ыргытышкан.

Белфастеги жаңжал массалык акциялар өтүп жаткан маалда католиктер менен протестанттардын пикир келишпестигинен тутанып кеткен. 1998-жылы тынчтык келишимине жетишилгенден кийин Түндүк Ирландияда зордук-зомбулук токтогон. Бирок диний жамааттардын ортосунда бөлүнүү азыр дагы бар.

XS
SM
MD
LG