Былтыр ажылыкты уюштурууда коррупцияга жол берилгенин “Кыргызстан мусулмандарынын демилгелүү тобу” деп аталган уюмдун жетекчиси Жыпарбек ажы Тойчубеков бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун тушунда ажыларды Мекеге зыяратка алып баруу менен алектенген “Ажылык жана умра” борбору мыйзамсыз түзүлгөн. Ажылыкты уюштурууда коррупцияга жол берилип, бир канча суммадагы каражат белгисиз калган. Тойчубеков “Ажылык жана умра” борборунун ошол кездеги бардык жетекчилерине жана кызматкерлерине кылмыш ишин козгоону сунуштап чыкты.
Буга чейин мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов жылына кайталанып келген ажылыкты уюштуруудагы коррупциялык аракеттерге бөгөт коюлганын, акча каражаттары банк аркылуу төлөнгөнүн белгилеп, дооматтарды негизсиз деп атаган болчу. (КЕ/ZB)