Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

“Ата-Журт” өкмөт маселесин Орозодон кийин карайт


Бул тууралуу “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аталган партия талаш-тартыштуу, түйүндүү маселелерди Орозодон кийин талкуулоону чечкен. Ташиев өзүнүн жеке позициясы өзгөрбөгөнүн, мурдагыдай эле өкмөткө оппозиция боюнча калганын белгиледи.

Бүгүн түштөн кийин “Республика” фракциясы кезексиз жыйынга чогулганы жатат. Анда өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу соңку демилгелер боюнча бирдиктүү позициясын жарыяламакчы.

Кечээ аталган партиянын саясий кеңеши “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди коалицияны ыдыратып жатат деп доомат арткан.

Эки күн мурда "Ата Мекен" менен "Ар-намыс" фракциялары премьер-министр Өмүрбек Бабановду коррупция боюнча айыптап, өкмөттү мөөнөтүнөн мурда кетирүү чечимин кабыл алган. КСДПнын саясий кеңеши да өкмөткө ишеним көрсөтпөөнү колдогон болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG