Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

"Гүлдөсүн Кыргызстан" аттуу икебана көргөзмөсү өтөт


"Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунан кабарлангандай, бул иш-чара 2-3-августта Бишкекте өтө турган "Мекендештер" форумуна арналган.

17-июлда өтө турган көргөзмөдө икебана боюнча мастер, Москвада иштеген кыргызстандык Чынара Мундузбаеванын жана ал Бишкекте өткөргөн мастер-класстын катышуучуларынын иштери тартууланат.

Көргөзмө Гапар Айтиев атындагы көркөм искусство музейинде саат 10до ачылат. Ага Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаеванын катышары да күтүлүүдө. Көргөзмө ошол эле күнү саат бешке чейин ачык болот.

Икебана – бул гүлдөрдү жасалгалоо боюнча жапон чеберчилиги. (ТТо)

XS
SM
MD
LG