Грузияда хлор куурга агып кетип, 4-июлда 73 адам ооруканага түштү. Грузиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, хлор Тбилисинин четиндеги ишканадагы хлор сактоочу цистернадан агып кеткен. Ооруканага түшкөн адамдардын дээрлик жарымы хлор аккан жер менен автобуста баратып ууланган. Алардын ичинде 20 бала да бар. Астма менен дамыккан 18 жаштагы жигиттин абалы өтө оор экени маалымдалды. Тийиштүү кызматтар аккан хлор эми эч кимдин өмүрүнө коркунуч туудурбаганын билдирди.