Баткен шаарында өткөн аптадагы тополоңго катышкан 150 адамдын 120сы менен сүйлөшүүлөр жүрүп, алардын 15и кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облусунун губернаторунун орун басары Саитжан Эратов билдирди. Анын айтымында, 21-22-июнь күндөрү тажик жарандарын барымтага алуу, тополоң уюштуруу аракеттери боюнча жалпы 6-7 кылмыш иши козголду. “Азыр облуста кырдаал тынч, кооптонууга негиз жок”, - деди Эратов.
20-июнда Баткендин үч тургуну Тажикстандын Исфара районунда ири көлөмдөгү сымап алып жүргөн денп кармалып, эртеси кармалгандардын жакындары Кыргызстандын аймагына келген 19 тажик жаранын барымтага алган. Барымтадагылар ошол эле күнү милициянын кийлигишүүсү менен бошотулган. Бирок 22-июнда дагы 8 тажик жараны барымтага алынып, аларды бошотуу учурунда милиция менен жергиликтүү тургундар ортосунда карама-каршылык чыккан. Натыйжада бир милиция кызматкерине ок тийип, жаракат алган эле. (KKs)