Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:58

"Стенограмма" тараткандар Бабановдон кечирим сурады


Орусиялык "The Moscow Post" электрондук гезитинин редакциясы кыргыз өкмөтүнүн башчысы Өмүрбек Бабановдон кечирим сурады. "Бабанов менен Утемуратовдун жашыруун жолугушуусунун стенограммасы" делген жазуу калп экени аныкталды.

Өткөн аптада премьер-министр Өмүрбек Бабанов парламентке былтыркы жыл үчүн отчет бергени бараар күнү Жогорку Кеңеш депутаттарына стенограмма делген кагаз таратылган. Анда Бабанов менен Утемуратовдун жолугушуусу жашыруун өткөнү, Бабанов кыргыз-орус мамилелери жана оппозиция боюнча жагымсыз сүйлөгөнү, Mega Com уюлдук компаниясынын тегерегиндеги талашка, Акмат Бакиевдин абактан качып кетишине тиешеси бар экени айтылган.

Алгач "The Moscow Post" сайтына чыккан бул кагаз парламентке кандайча тарап кеткенин териштиргенде, аны "Ар-Намыс" фракциясынын секретариаты таратканы анык болгонун Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков айткан. Оппозициядагы айрым депутаттар ошол кагазга башкалардын да көңүлүн бурууга аракеттенишкен. Бирок Бабанов өзү анда жазылгандарды ушак деп атаган.

Казак олигархы Булат Утемуратов казак президенти Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстан менен кызматташтык боюнча атайын өкүлү. (RK)

XS
SM
MD
LG