Нарын облусунун бир катар айылдарында эриген кардын суусу үйлөрдү каптады. Ушу тапта суунун нугун буруу иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун билдиргенине караганда, суу каптоо Ат-Башынын Ак-Жар, Кара-Суу, Ак-Талаа айыл аймактарында, Нарын районунун Чет-Нура, Миң-Булак, Жергетал айыл аймактарында, Ак-Талаа районунун Баетов, Ак-Тал айыл аймактарында жана Жумгал районунун Чаек айылында катталган. (RK)