Буга байланыштуу буйрукка 29-мартта президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Жаңы дайындалган министрди ушул эле күнү президент кабыл алып, жазгы айдап-себүү иштерине даярдык маселеси талкууланды. Өлкө башчысы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте тоют жетишсиздигин чечүүнү, жазгы айдап-себүүнү маалында өткөрүүнү, дыйкандарды күйүүчү, майлоочу май, үрөн, керек жабдыктар менен камсыз кылууну тапшырды. Ошондой эле өлкөдөгү эпизотикалык абалды катуу көзөмөлдөө, арзан насыялар менен камсыз кылууну буйруду.
“Ар-намыс” фракциясы көрсөткөн Аскарбек Жаныбековдун талапкерлигин Жогорку Кеңеш 28-мартта жактырган. Ушул эле фракциядан министр болуп дайындалган Сапарбек Тынаев ден соолугуна байланыштуу өткөн аптада кызматын тапшырып берген. (КЕ)