Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:54

Арап лигасынын саммитинде Сирия боюнча өзгөчө эч кандай деле чечим кабыл алынбайт


Бул тууралуу ушул күндөрү саммитти өткөрүп жаткан Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зибари билдирди. Анын айтымында, лига Сириядагы кырдаал боюнча резолюция кабыл алмакчы, бирок ал кризисти токтотууга көрүлгөн эл аралык коомчулуктун аракетине толуктоо иретинде гана айтылат.

Багдаттагы саммиттин бүгүн акыркы күнүндө Арап лигасына мүчө 22 мамлекеттин жарымына жакынынын президенттери жолугушмакчы. Бирок Сауд Арапстан өңдүү лиганын эң таасирдүү мүчөлөрүнүн президенттери жыйынга катышпай турганы кабарланган.

Дамаскидеги өкмөттөн бул саммитке эч ким келбейт, анткени өзүндөгү толкундоолорду баса албаганы үчүн Сириянын лигадагы мүчөлүгү токтотулган болчу. Ал арада, Сирия өзү лиганын жыйынында кандай гана сунуш айтылбасын, аны колдобой турганын, анткени лига менен эч кайсыл деңгээлде кызматташпай турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG