Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

14-мартта тоолуу аймактарда кар жаайт


Аба ырайын маалымдоочу борбордон билдиришкендей, 15-мартка чейин жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу автожолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Кар күрткүсү пайда болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо сунушталат.

Аба ырайы:

Эртең Кыргызстандын айрым аймагында түнкүсүн кар түшөт, күндүз дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир тоолуу аймактарда гана кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамал батыштан ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин согот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8 градус суук, күндүз 1…6 градус жылуу;
Талас облусунда түнкүсүн -4…-9 градус, күндүз 0…5 градус;
Баткенде түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6 градус;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7 градус;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6 градус;
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 1…6 градус;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23, күндүз -2…-7 градус;
Тоолордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -2…-7 градус суук болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал батыштан ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин согот. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -4…-6 градус, күндүз 4…6 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG