Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Акенеев: Орусиянын заводдору карамай баасын көтөрдү


Март айынан тарта Орусиянын нефть иштетүүчү заводдору Кыргызстанга бере турган күйүүчү майдын бир тоннасынын баасын 70тен 100 долларга чейин көтөрдү. Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеевдин “Азаттыкка” билдиришинче, мурда “Газпром нефть Азия” ишканасы заводдордон күйүүчү майдын тоннасын 600 доллардын тегерегинде алып келсе, азыр 650-720 долларга чейин сатып алып жатат. Ал эми майда ишканалар болсо күйүүчү майдын тоннасын кеминде 800 доллардан алганга өтүштү. Натыйжада Кыргызстанда дизелдик отундун баасын 1 сомго, бензиндикин 30 тыйынга чейин көтөрүүгө туура келүүдө.

Орусия заводдору эмне үчүн карамай баасын көтөргөнүн так ачыктаган жок. Жумакадыр Акенеев заводдор ар айдын башында майдын баасын аныктаарын, бул жолу ушундай чечим кабыл алышканын гана айтып, Орусияда дизелдик отундун жетишсиз болуп жатканын кошумчалады.

Мындан тышкары Бажы кызматынын жаңы эрежелерине ылайык, Кыргызстандын түштүк райондорунда карамай тартыштыгы пайда болууда. Натыйжада майда компаниялар кеминде 12,5 миң тонна күйүүчү майды аймактарга тарката албай жатышат. (KKs)

XS
SM
MD
LG