Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:24

Митт Ромни Вашингтон штатындагы баштапкы шайлооодо жеңди


Республикалык партиядан АКШ президенттигине талапкер болууну көздөгөндөрдүн ички партиялык жарышында Массачусетс штатынын мурдагы губернатору Ромни Вашингтон штатындагы баштапкы шайлоодо 37% добуш алды. Мурдагы сенатор Рик Санторум жана техастык конгрессман Рон Паул
24%дан добуш топтошту.

Баштапкы шайлоонун келеркиси алдыдагы шейшембиде АКШнын он штатында өтөт. Республикалык партиядан президенттикке талапкерлик укугун алууда алдыга жылуу үчүн Ромниге эми “Чоң шейшембидеги” баштапкы шайлоолордо жеңишке жетүү зарыл.

Өткөн айда үч штатта утулуп, кичи мекени Мичиган штатында мурдагы сенатор Санторумду бир аз артыкчылык менен гана жеңе алган Митт Ромни учурда өзүн Республикалык партиянын башкы талапкери катары кайра бекемдөөгө аракеттенүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG