Киевдин Печер райондук соту Украинанын мурдагы ички иштер министри Юрий Луценкого сот өкүмүн угузганы турат. Сот Луценко министр болуп турганда мамлекетке 125 миң АКШ долларына тете зыян келтирген деп айыптап, аны төрт жарым жылга эркинен ажыратып жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгараары күтүлүүдө. Сот өтүп жаткан имараттын сыртында оппозициячыл "Народная самооборона" жана "Батькивщина" партияларынын жактоочулары Луценкону колдоп митинг өткөрүп жатышат.
Сот залына журналисттер киргизилген жок жана сотту түз чагылдырууну көздөгөн оппозициянын интернет сайты учурда иштебей жатат. Юрий Луценко муну саясий буйрук катары сыпаттап келет.
Сот залына журналисттер киргизилген жок жана сотту түз чагылдырууну көздөгөн оппозициянын интернет сайты учурда иштебей жатат. Юрий Луценко муну саясий буйрук катары сыпаттап келет.