Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:22

Ооганстанда антиамерикалык демонстрация алтынчы күн уланды


Өлкөнүн түндүгүнөн түшкөн кабарларга караганда, бүгүнкү демонстрация учурунда бир ооган каза таап, АКШнын жети жоокери жаракат алган. Окуя Кундуз провинциясынын Имам Сахиб шаарчасында болду.

Жергиликтүү расмий өкүлдөрдүн айтымында, 2000дей демонстрант провинция борборуна барууга аркеттенгенде полиция тарабынан токтотулган. Полициянын айтымында, АКШнын жети аскери ушул шаарчадагы базасына граната ыргытылганда жаракат алды.

НАТО бул жердеги базаларынын биринин сыртында жарылуу болгонун маалымдады, бирок чоо-жайын айткан жок.

Кундузга коңшу Саманган провинциясында бүгүнкү демонстрация учурунда эки адам жаракат алган.

Кечээ Кундуз шаарында миңдеген адамдар Улуттар уюмунун комплексин курчоого алып, коопсуздук күчтөрү менен кагылыштан төрт демонстрант каза таап, 50дөйү жаракат алган эле.

НАТОнун базасында Курандын нускаларынын өрттөлүшүнө нааразы болгон оогандардын тополоң салып жатканына бүгүн алтынчы күн болду. Өткөн шейшембиден берки тополоңдордон 30дай кишинин өмүрү кыйылды.

Ооган президенти калкты бүгүн сабырдуулукка кайрадан чакырды. (UE)

XS
SM
MD
LG