Сирия оппозициясы бейшембиде өкмөттүк күчтөр Хомс шаарын ракеталардан аткылоону улантышканын маалымдады. 1 миллион калктуу шаар 6 күндөн бери чабуулга туш болуп келатат. Активисттердин айтымында, 4-февралдан бери Хомсто кеминде 400 киши окко учту. Бирок Дамаск өкмөтү чет өлкөлүк кабарчылардын ишин чектегендиктен, бул санды көз карандысыз булактар тарабынан тастыктоо мүмкүн эмес. Хомс президент Башар Асаддын режимине каршы көтөрүлүштүн очогу катары белгилүү.
8-февралда БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пилай Сириянын карапайым эли “кыргынга” учурап жатат деп, эл аралык коомчулукту кечикпестен чара көрүүгө үндөгөн.
8-февралда БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пилай Сириянын карапайым эли “кыргынга” учурап жатат деп, эл аралык коомчулукту кечикпестен чара көрүүгө үндөгөн.