Ирандын атомдук энергия агенттигинин билдиришинче, жер астындагы уран байытуучу жайы жакында иштей баштайт. Агенттиктин башчысы Ферудин Даваниге шилтеп “Кайхон” басылмасынын кабарлашынча, 20 процентке байытылган уран Фордов атомдук ишканасында өндүрүлөт. Ишкана ар кандай кол салууга кыйын болуусу үчүн Кум шаарынын жанындагы тоонун койнунда жайгашкан. Батыш өлкөлөрү Иран уранды атомдук бомба жасоо үчүн байытууда деп кооптонот. Бирок Иран ядролук программасы тынчтык максатын гана көздөгөнүн айтып келет.