Оштун Ноокат, Кара-Суу, Араван жана Өзгөн райондорунда бруцеллез менен ооруган малдын ээлери Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу менен жөлөкпул алышат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош зоналдык мамлекеттик ветеринардык башкармалыгынын башчысы Сүйүнбай Абдуллаев маалымдады.
Анын айтымында, Айыл чарба министрлигинин ушул багыттагы долбоорунун алкагында пилоттук аймактар катары жогорудагы райондор тандалып алынган. Буга чейин аталган аймактарда башка жерлерге салыштырмалуу ооруунун учуру көп катталган.
Долбоорго ылайык, бруцеллезго чалдыккан малдын этинин килограммына 262 сомдон акча берилет. Бул долбоор 1-декабрдан тарта ишке кирди.
Быйылкы жылдын 11 айында бруцеллездун малдан адамга жуккан 539 учуру катталды. Өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 418 болгон. (SE/RK)