Бүгүн 31-октябрда Жердин калкынын саны 7 миллиард адамга жетет. Буга байланыштуу Бишкекте атайын иш-чара өтөөрүн жарандык коомдун өкүлү Елена Воронина билдирет. Анын айтымында, Бишкекте жана Чүй облусунда бүгүн төрөлгөн жети ымыркайга ЮНИСЕФ уюму белектерди тапшырат. Иш-чара Бишкектеги №2 төрөт үйүндө өтөт. Жаңыдан көз жарган энелерге балдары үчүн памперс, упчу, жалаяк түрүндөгү белектер тартууланат. Кыргызстандын калкы беш жарым миллиондон ашык адам экени расмий айтылып келүүдө. (RK)