Пакистандын мурдакы президенти Первез Мушаррафтын өлкөдөгү мүлк-дүйнөсү конфискацияланат. Мамлекеттик прокурор Чаудури Ашар “экс-президенттин Пакистандагы мүлкүн тартып алууну жана банктардагы акчасын камакка алууну” буйруганын Франсс Пресс агенттиги билдирди. Мушарраф акыркы жылдары Лондондо жана Дубайда бозгунда жашайт. Аны Пакистандын азыркы өкмөтү Беназир Бхуттонун өлүмүнө тиешеси бар, экс-премьердин коопсуздугуна жетерлик көңүл бурбаган деп, февралда камакка алууну буйруган.