Милициянын отставкадагы подполковниги Дмитрий Павлюченков кармалганы тууралуу Орусиянын Тергөө комитетинен кабарлашты. Павлюченковду “Новая газетанын” журналисти Политковскаяны “өлтүрүүнү уюштурган жана өлтүргөн адамдарга курал-жаракты камдап берген” деп айыптап жатышат. Анна Политковскаяны 2006-жылы 7-октябрда Москвадагы үйүнө кире бериште атып кетишкен. Ал Чеченстандагы согуш жана адам укуктарынын орой бузулуп жатканы боюнча Кремлди сындап келген башкы журналисттердин бири катары белгилүү эле.